Бүгүн, 1-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кушчубай Султанов Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагалыгынан четтетилди. Ошондой эле Урмат Чырмашев Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьялык кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, аталган судьялар Башкы прокуратуранын аларды жазык жоопкерчилигине тартуу сунушуна, КРнын Судьялар кеңешинин макулдук бергендигине байланыштуу кызматтан алынышты.