ЖКнын тийиштүү комитети Япония жарандары үчүн визасыз режим киргизүү демилгесин жактырды
ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети Япония жарандары үчүн визасыз режим киргизүүгө ылайыкталган мыйзам долбоорун жактырды. Аталган комитеттин бүгүнкү, 2-апрелдеги жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, анда Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев баяндама жасады. Айтымында, визасыз режим тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда Япония эске алынбай калган. Бул өлкө бардык экономикалык талаптарга жооп берет.