Америкалык модель Белла Хадид 69-Канн кинофестивалында кызыл килемден белине чейин ачык көйнөк кийип өткөн. Бул жосуну менен ал бул жылы Канн фестивалында эң көп талкууга алынган атактуулардын катарын толуктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын "күнөөсү" ачык кызыл түстөгү көйнөк кийип келгени болуп, "кызыл килемде провокация жараткан көйнөк" деп аталган. "Көкүрөгү көрүнгөн, белине чейин ачык көйнөк, ошондой эле кызыл түс - Белланын сексуалдуулугун баса көрсөтүүдөн коркпогону", - деп жазышат басылмалар.
Белла Хадид белгилүү жаш моделдердин катарын толуктайт. "The Daily Mirror" басылмасынын маалыматына караганда, Австралияда өткөн мода жумалыгында бир көрсөтүүгө чыкканы үчүн Белла 400 миң доллар алган.
2015-жылы "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу аземинде да белгилүү модель Ирина Шейк ич кийимсиз көйнөк кийип келип, талкуу чордонунда калган эле.
Белгилей кетсек, 69-Канн кинофестивалы Франциядагы Көгүлтүр жээкте 11-майда башталган, жекшемби күнү, 22-майда жыйынтыкталат.