Турсунбай Бакир уулу менен журналисттин чыры ЖКда каралбай калды

Парламент депутаты Турсунбай Бакир уулунун журналист Эрик Исраиловго кол көтөрүү дооматы бүгүн, 2-апрелде ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде каралмак. Бирок Бакир уулунун ден соолугуна байланыштуу жыйынга катышпастыгы айтылып, бул маселе артка жылды. Журналист менен депутаттын ортосундагы бул чыр өткөн аптада комитет жыйынынын күн тартибине кирип, депутаттын келбей калышынан улам каралбай калган болчу. Айта кетсек, февраль айында аталган журналист депутаттын иш бөлмөсүндө кол көтөргөнүн айтып чыккан. Эл өкүлү бул дооматты четке кагып келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан