Чүй чек ара отрядынын 10 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 2-апрелде Чүй чек ара отрядынын түзүлгөнүнүн 10 жылдыгы белгиленди. Майрамдык кечеге КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Чүй чек ара отрядынын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик техникалар көргөзмөгө коюлуп, куттуктоо сөздөрү айтылып, мыкты кызматкерлерге мактоо баракчалары, акчалай сыйлыктар, медалдар тапшырылып, күжүрмөн даярдыктагы аскерлердин уруш өнөрүнүн ыкмаларын көрсөтүүсү менен коштолду.

Маалымат үчүн: Чүй чек ара отряды 2003-жылдын 1-апрелинде негизделип, ушул эле жылдын 31-декабрынан тартып кыргыз-казак чек арасын кайтаруу милдетин аркалап баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан