Кыргызстанга келген туристтерди медициналык камсыздоодон өткөрүүнү бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Ташполот Балтабаев сунуштады. Кыргызстан былтыр 44 мамлекетке визасыз режим киргизип, мунун айынан Тышкы иштер министрлигине жылда түшүүчү 5 миллион доллар толук түшпөй калган. Балтабаевдин айтымында, туристтерди медициналык камсыздоо аркылуу бул чыгымды жапса болот. “Мен Эстонияга барганда мындай камсыздоо үчүн биздин акча менен эсептегенде 600 сом төлөгөм. Өлкөдө туристтер көбөйүп жатканы айтылууда, мындай жол менен бюджетке жакшы киреше түшөт”,- деди ал.