Базар-Коргон районундагы борбордук базарда өрт чыгып, кийим сатылуучу контейнерлер күйүп кетти

Базар-Коргон районундагы борбордук базарда өрт чыгып, кийим сатылуучу контейнерлер күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-майда саат 23:45 чамасында базар күйүп баштаган. Болжол менен 2 миң чарчы метр металл жабылган кийим сатылуучу контейнерлер күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан курчоого алынып, контейнерлердин ээлери менен биргеликте түнкү саат 03:20 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Базардагы сатылуучу кийим жана башка буюмдарды сактап калуу үчүн 700гө жакын адам өрт өчүрүүчүлөргө жардам көргөзгөн.

Өрт өчүрүүгө Базар-Коргон, Ноокен, Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
admin_portal
2016-05-23 11:33:37
taro, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
diaz
2016-05-23 13:03:02
пожарный базардын ичине кире албай койгону учун толугу менен куйуп кеткенинда жазбапсынарда
+2
baska
2016-05-23 13:31:04
Ой тооба эмне болуп атат кундо эле бир базар куйуп
0
Nurbubu.kg
2016-05-23 14:10:28
Биз зекет садака бербейбиз канча кооп болбосун акчабыз бари бир бербейбиз ошого да ушуга окшогон дор кооп болуп жатат. Суйуктуу пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) айткан зекет бергиле байларынар ошол зекет менен байлыгынарды балееден сактайт Аллаах базарда коп алдашат таразадан сапаты начар кийимди жакшы деп алдашат бироок бул айткан создорум баарына эмес арасында ыймандуу байкелер эжелер да бар бул менин жеке оюм
+1
bilbeim.dordoi
2016-05-23 14:39:49
Окунучтуу кабар, менин районумдагы базар экен,
0
KGstan1981
2016-05-23 15:00:44
Исфанада базар куйгондо мен жазган элем Кызыл-Кыяда мындан уч жыл алдын базарда орт чыкканда орт очуручу машиналар базарга кире алган жок себеби базардын ичиндеги жолдорго дагын соодагерлер навестерди курдурушуп соода кылышкан.Ошон учун базардын ичиндеги жана кириберишиндеги жолдорду соодагерлер бошотушу керек.
+5
Adilet_adi
2016-05-23 16:24:10
Окунучтуу соонун базар эле
0
Atlantida.
2016-05-23 20:02:56
Ичим олло ачышып атат,менин районумдагы базар ((((
0
Azikko
2016-05-23 22:02:41
Мындан 1ай мурун дагы Балыкчыдагы бут кийим саткан павильондор орттонуп кеткен,анда дагы орт тункусун чыккан орт очуруучулор келип очургучо 2-3 саатта биринен бирине отуп 7тоо куйуп кеткен
0
aniraz.zari
2016-05-23 23:53:21
Bazarga pojarnyi kiruugo jol jok u4un o4uro albai
Kalywty.Owol joldu da arendaga berip salgan pojarnyi emes adam da aran otot.Baikuw soodagerlergele kyiyn boldu million somdon awyk tovary barlar da bar eken,kop adam 4ydabai bol'nicaga tuwup
Kalgan
Jaman ele boldu ,emi bul bazar kan4a ubakytta ozuno kelet strawno kuigon
0
feruz1990
2016-05-24 01:46:36
Окунучтуу менин районумдагы базарго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан