“Жалал-Абаддагы митингчи энелерди "фашист" деп айткан эмесмин, жөн гана мисал келтиргем. Башкы прокуратура айткан сөздөрүмдү текшерип, лингвистикалык экспертиза жүргүзсүн. Сөздөрүмдү туура эле айтканыма ишенем”. Бул сөздү ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 2-апрелдеги жыйынында эл өкүлү Ирина Карамушкина айтты. Эске сала кетсек, 7-марттагы ЖКнын жыйынында аталган депутат камактагы "ата журтчу" депутаттарды колдоп Жалал-Абад шаарында митингге чыккан Баатыр энелерди кимдир бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгы тууралуу сын айткан. Буга ошол күндөн бери депутат Жылдыз Жолдошова ачуу сын айтып келет. Кээде аңды-дөңдү карабай сүйлөп алчу бул айым Карамушкинаны "Кыргызстандан чыгып кетсин" деп айтканга чейин барды. Мунун айынан Парламенттеги көпчүлүк депутаттар Жолдошовага ЖКнын жыйынынан 1 ай микрофон бербөө демилгесин да көтөрүп чыгышкан. Бүгүнкү жыйында Карамушкинага байланыштуу маселени журналисттер менен бирге ачык талкуулоо чечими кабыл алынды.