Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган Майрам Акунованын Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул болбой шаардык сотко кайрылган даттануусунун негизинде иш кайра каралууда.
Ишти карап жаткан соттук коллегия жабырлануучу Астра Макелееванын жана айыпталуучу Майрам Акунованын көрсөтмөлөрүн угушту. Мамлекеттик айыптоочу бул ишти кайра кароого негиз жок экенин баса белгилеп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.
Айыпталуучуга акыркы сөз берилип, ал бул ишти кайра карап чыгууну өтүнүп, анын жазасын кыскартууну өтүндү.
Соттук коллегия кеңешүүгө чыгып келип, Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу өкүмүн чыгарды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.