Нарын. Облус аймагында дайынсыз жоголгондорду орусиялык “Жди меня” көрсөтүүсү аркылуу табууга шарт түзүлдү

2-апрелде Нарын шаарында “Кызыл Ай” коомунун алдындагы “Үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүүдолбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул долбоор 20 жылдан бери иш алып барып келет. “Биздин максат - жарандардын дайынсыз жоголгон жакындарын издөөгө көмөк көрсөтүү. Мындай иш аракеттердин аркасында Орусиянын биринчи каналындагы “Жди меня” телеберүүсүнө көптөгөн көмөк көрсөттүк. 17-майда Бишкек шаарындагы борбордук  “Ала Тоо” аянтында эл аралык жана жергиликтүү теле каналдар менен бирге аталган көрсөтүү боюнча түз эфирдеги телекөпүрө уюштурулат. Ал жерге изделип жаткан адамдардын сүрөттөрүн алып барып тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Сиздер менен жолугушуу өткөрүп жатканыбыздын бирден бир себеби, бул маалыматты эл арасына таратууга көмөк көрсөтүүгө чакыруу болуп саналат”,- деп билдирди Салтанат айым.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан