Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде ЕврАзЭШтин Парламенттер аралык ассамблеясынын жооптуу катчысы Пётр Зверевди кабыл алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Зверев кийинки аптада Орусиянын Санкт-Петербург шаарында боло турган аталган ассамблеянын кезектеги иш-чаралары, аны өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЕврАзЭШ ПАА Бюросунун жыйыны менен ЕврАзЭШ ПААнын XV жыйынынын күн тартиптеринин долбоору менен уюштуруу маселелери талкууланды.