Ысык-Көл облусунда болгон ишембиликте 1360,2 тонна таштанды чыгарылган. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет. 30-мартта өткөрүлгөн иш-чарага 604 мекеменин кызматкерлери катышкан. 926 миң сом коротулган бул ишембиликте 16 миң 913 дарак көчөттөрү отургузулуп, 912 метр жолдор оңдолгону белгилүү болду.