Камила Талиева 2002-жылкы Аксы окуясынын жабырлануучуларын кабыл алды

Бүгүн, 2-апрелде вице-премьер-министр Камила Талиева Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылынын тургундарын кабыл алды. Жолугушуу учурунда 2002-жылы Аксы окуясынан жабыркаган жарандар социалдык жана медициналык жардамга муктаж экендиктерин билдиришти. Бардык социалдык жардамдар өз убагында берилип жатканын айткан Талиева: “Кээ бир жабыр тарткандар өз убагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран экендиги тууралуу медициналык документ албай калышкан, ошондуктан социалдык төлөмдөрдү албай жатышат. Бул маселени карап чыгуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырма берилген”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан