"Маданий мекемелерге академиялык макамын берүү жол-жоболорун иштеп чыгуу керек". Мындай оюн депутат Роза Акназарова бүгүн, 2-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жамаатынын кайрылуусун талкуулоо учурунда билдирди. Аталган театр жамааты театрга академиялык макам берүү сунушу менен кайрылган. Талкуу учурунда эл өкүлү бул сунушту колдоп, бирок академиялык макам бир тартипте берилиши керектигин баса белгилеп, ал үчүн бирдиктүү критерийлерди иштеп чыгуу зарыл экендигин билдирди. “Эгерде бул академиялык макам Ысык-Көл театрына берилсе, анда башка театрлар дагы ушундай талап менен чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бардык маданий мекемелерге жалпы иштеп чыгылган жобо болуш керек”,- деди депутат.