Бишкектеги көчөлөрдүн бирине окумуштуу Чокан Валихановдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде шаардык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясында белгилүү болду. Бишкек шаарынын башкы архитектору Алмаз Абдыкаров билдиргендей, Чолпон-Ата көчөсүнүн Чүй проспектисинен Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүнө окумуштуунун ысымын ыйгаруу үчүн 48 миң сом сарпталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнмөкчү.