28-марттан 31-мартка чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөн баскетбол боюнча мектеп окуучулары арасындагы мелдеште Нарын курама командасы 3-орунду ээледи. Бул мелдеште Бишкек, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Нарын шаарларынын командалары ат салышты. 1-орунду Токмок шаарынын курама командасы, 2-орунду Бишкек шаарындагы №5-мектеп гимназиясы жеңип алды. Жеңишке жетишкен командалар диплом жана медалдар менен сыйланышты. Ал эми калган командалар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.