2012-жылы балдарга жардам көрсөтүү борборуна 230 кайрылуу түшкөн. Бул кайрылууларда балдар психологиялык, сексуалдык, социалдык жана укуктук жактан зомбулукка туш болушкан. Шаардык кеңештин бүгүнкү, 2-апрелдеги жыйынында бул мекемени жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселеси талкууланды. Аны иштетүүгө жылына 1,2 миллион сом керектелет. Буга чейин ЮНИСЕФ каржылап келген бул мекеме 2011-жылы ачылган.