ТИМдин дипломатиялык академиясында Конфуций классы ачылат

3-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясында Конфуций классынын ачылыш аземи болот. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй катышмакчы. Бул классты ачуунун максаты - кытай тилин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жана аталган мамлекетке билимин жогорулатып келүү үчүн кыргызстандык студенттерди жөнөтүү болуп саналат. Аталган окуу жайда кытай тилин жакшы өздөштүргөндөргө сертификат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан