“Жер-Үй” алтын кенин иштетүү үчүн сынакка катышуучулардын арызы 10-майга чейин кабыл алынат

“Жер-Үй” алтын кенин иштетүү үчүн сынакка катышуучулардын арызы 10-майга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев билдирди. “Сынактык комиссиянын курамында депутаттар, ишкерлер, агенттиктердин жана ар кайсы облустардын өкүлдөрү бар. "Жер-Үйдүн" баштапкы баасы 300 миллион доллар. Бул сан асмандан алынган жок. Комиссия “Жер-Үйдү” кен иштетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбасы бар жана каражаты кенен компания иштетет деген чечим чыгарды”,- деди Чунуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан