Орус драма театрынын директору кызматынан алынды

Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору Борис Воробьёв кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка 2-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев кол койду. Театрдын жаңы жетекчилигине ким дайындалары азырынча белгисиз. Эске сала кетсек, экс-министр Ибрагим Жунусов менен Борис Воробьёвдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, Воробьёвдун криминалдык чөйрөдөгү тааныштары аркылуу Жунусовду коркутууга аракет жасаганы жарыяланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан