"Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү" дейт министр Автандил Калмамбетов

Бүгүн, 3-апрелде ЖКнын жыйынында энергетика тармагына байланыштуу мыйзам долбоору каралууда. Ага Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов баш болгон бир катар тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат. Депутат Нурбек Мурашев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып кеткендиги тууралуу маалымат айтылып жатканын билдирди. Бирок бул маалыматты министр мырза жокко чыгарды. Айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү. "Учурда ал жердеги суунун көлөмү 11 миллиард 216 миллион куб метрди түзөт. Бул нормага жооп берет, бирок ошондой болсо да, сууну үнөмдүү пайдаланып, сактообуз керек. 2005-2006-жылдары суунун көлөмү 6 миллиард гана болуп калган",- деди Калмамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан