Кадамжай. Кооптуу аймакта жашаган жашоочулар көчүрүлүүдө. Жоголгон 3 жашар бала табыла элек

Баткен облусунун Кадамжай районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланып, 3 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-28-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районундагы бир катар айылдарда сел жүрүп, турак үйлөрдү, короо-сарайларды, ички жолдорду, ошондой эле көпүрөлөрдү зыянга учураткан.

"Сел кесепеттери жоюлуп, таза суу, жол каттамдары калыбына келтирилип, электр чубалгылары кайрадан тартылууда. Кооптуу аймактардагы жашоочулар көчүрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу 3 жашар баланы издөө иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Ош-Айдаркен унаа жолундагы кооптуу аймактарында райондук Жарандык коргонуу кызматынын 15 кызматкери жол каттамын көзөмөлдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uson.karaev
2016-06-01 13:44:11
издесе табылабы
-1
Uson.karaev
2016-06-01 13:46:26
эми озбекстандан издеш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан