ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында депутат Майрамкүл Тиленчиева “Чыгыш электр” ишканасы Нарын облусундагы бир катар мектептердин электр энергиясын өчүрүп жатканын айтты. "Мага шайлоочулар кайрылып, 10 күндөн бери мектептерде электр энергиясы өчүрүлүп жатканын айтышты. Бул тууралуу маалымат берип коюңузчу. Бул эмнеге байланыштуу?”- деп Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго кайрылды. Министр бул маалыматтын туура экенин тастыктап, өчүрүүнүн себебин түшүндүрүп берди. “Электр энергиясы туура эле өчүрүлүүдө. Мектептерге мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт, бирок алар биринчи электр энергиясына болгон карызын төлөшпөй, телефон, таштанды чыгаруу жана башка кызматтар үчүн төлөшөт",- деди министр. Калмамбетов бала бакчалар менен медициналык мекемелерде электр энергиясы өчүрүлбөй турганын кошумчалады.