Быйыл “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий түрдө кошулат. Мындай маалыматты бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаков журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. Эл өкүлү билдиргендей, ЮНЕСКО аталган эпосту каттоо үчүн уруксат берди. “Биз былтыркы жылды толук “Манас” эпосун аталган уюмга каттатуу үчүн короттук. Бардык коюлган талаптарды аткардык. Коомдук ишмер Садык Шер-Нияз эпостун далилдери тууралуу 10 мүнөттүк тасма тартты, андан соң ЮНЕСКО каттоого алууга уруксат берди”,- деди депутат.