Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы зыярат кылуучу 2 гектар мазардагы талаш жер Падыша-Ата коругунун пайдасына чечилип, андагы курулуштар боюнча соттук отурум 7-июнда Жогорку Соттун кароосунда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Давлетов билдирди.
Маалыматка ылайык, Кашка-Суу айылында жайгашкан зыярат кылуучу 2 гектар мазардын жери 2010-жылдан бери талашка түшүп, Кашка-Суу айылынын тургундары, Падыша-Ата коругу, Кашка-Суу айыл өкмөтү жеке ишкер Эркин Бегимкулов менен соттошуп келген.
"Зыярат кылуучу мазардын жери Падыша-Ата коругунун пайдасына өттү, эми андагы курулган үй, мечит, ашкана, күмбөз жана башка курулуштар боюнча соттук отурум болот. Жогорку Соттон 7-июнга чакыруу алганбыз. 6 жылдан берки соттошуубузга Жогорку Сот чекит коёт деп үмүттөнүп жатабыз", - дейт А.Давлетов.
"Буга чейин талашка түшкөн жер маселеси Жалал-Абад облустук соту, Жалал-Абад райондор аралык соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отурумунда да каралган. Жыйынтыгында КРнын Жогорку Сотунун чечими менен зыярат кылуучу мазардын жери Падыша-Ата коругунун пайдасына калтырылган", - деп кошумчалады Давлетов.