5-апрелден 10-майга чейин Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жакын жайгашкан ири соода түйүндөрүндө “Өзүңдүн кан басымыңды бил” аттуу акция өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, каалоочулар саат 9:00дөн 17:00гө чейин келип, кан басымын акысыз текшертип кетсе болот. Ошондой эле акциянын алкагында катышуучуларга маалыматтар камтылган баракчалар, китептер берилет. Маалымат үчүн: Жер жүзүндө жыл сайын 7 миллион адам жогорку кан басымынан улам каза болсо, 15 миллион адам жапа чегет.