Президенттин катышуусу менен "Технолог" окуу-тажрыйбалык борбору ачылды

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Технолог” окуу-тажрыйбалык борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышып, борбордун кызыл тасмасын кесип берди. Япония өкмөтүнүн жана Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен түзүлгөн бул борбордо эт, сүт, мөмө-жемиш иштетүүчү жана ун азыктарын жасап чыгаруучу 4 цех бар. Андагы жабдуулар Италия, Испания, Орусиядан алынып келинген. “Дүйнөлүк стандартка жооп бере турган өндүрүштү уюштурууну пландоодобуз. Бул жерден биздин университеттин студенттери тажрыйба алууда. Эми жасаган азык-түлүктөрдү борбордогу дүкөндөргө сатыкка коюуну ойлоп жатабыз”,- деди аталган окуу жайдын Технология факультетинин деканы Тамара Жунушалиева.  

Президент жаңы борбордун иши менен таанышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан