Алмазбек Атамбаев:"Кыргызстандагы бардык улут кыргыз тилин жок дегенде турмуш-тиричиликтик деңгээлде билиши керек"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-апрелде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде иш сапары менен болду. Анда студенттер менен жолугушуу өткөргөн мамлекет башчы жаштарды патриоттуулукка үндөп, кыргыз тилин сүйүүгө чакырды. “Кыргызстандын түштүгүндө 40 жыл ичинде 4 кагылышуу болуп өттү. Мындай жаңжалдардын, Кадыржан Батыров сыяктуу адамдардын, бизге кереги жок. Баарыбыз кыргызстандыкпыз. Айрым саясатчылар карапайым жарандарды өз кызыкчылыктары үчүн гана колдонушат, андайлар элге эч нерсе жасап бере алышпайт”,- деди президент. Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев кыргыз тилинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Тилибизди өнүктүрүүбүз зарыл. Мен силерден дароо эле мамлекеттик тилде сүйлөп калууну талап кылбайм. Көз карандысыз өлкө болгонубузга 20 жылдан ашты. Кыргызстанда жашаган бардык башка улуттар кыргыз тилин жок дегенде турмуш-тиричиликтик деңгээлде билиши керек. Биз бири-бирибизди түшүнүп, ынтымакта жашашыбыз маанилүү",- деди өлкө башчысы. “Эгер патриот экениңерди көрсөткүңөр келсе, аны тил аркылуу, таалим-тарбия, билимиңер, өз өлкөңөрдүн тарыхын жана маданиятын билген менен көрсөткүлө”,- деп кошумчалады өлкө жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан