Борбор калаада кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус оодарылып кетип 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ саат 23:16 чамасында орун алган. Анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус оодарылып кеткен. Натыйжада 17 жаштан 31 жашка чейинки 6 адам жабыркап, баары ооруканага жеткирилген.