"Ысык-Көл облусунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден сактоо үчүн биокаражаттар даярдалууда",- деп билдирет Айыл чарба жана мелеорация министрлигине караштуу "Кыргызагробиоборбордун" Каракол шаарындагы филиалынын директору Темиркул Сербегеев. Биокаражаттар көпөлөктөрдөн жана козу карындан жасалып, элге сунушталат. Белгилей кетсек, бул дарылар өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө, органикалык кошулмалардын көбөйүшүнө алып келет. "Бул дарыларды көбү билбей кытайдын химикаттарын колдонуп, жердин бузулуусуна шарт түзүшүүдө",- дейт Сербегеев.