ОшТУда "Күлкү жана тамаша" аттуу КВН мелдеши болду

2-апрелде Ош технологиялык университетинде "Күлкү жана тамаша" аттуу КВН мелдеши болуп өттү. Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 1-апрель - Күлкү күнүнө карата уюштурулуп, анда экономика факультетиндеги адистиктердин ортосунда жарыш болду. КВНдин негизги максаты – студенттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, алардын маданий эс алуусун уюштуруу жана мыкты тамашачыларды аныктоо болуп саналат. Жыйынтыгында 1-орунду Бухгалтердик эсеп жана аудит адистигинин студенттеринен куралган команда ээледи. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан