2-апрелде жүргүзүлгөн рейд учурунда борбор шаардагы Тынчтык, Жибек Жолу, Фучик көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 58 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Бишкек мэриясына караштуу Жарнама департаменти тарабынан жасалды. Ошондой эле 31-мартта болгон катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган Ала-Тоо жаңы конушундагы жарнак тактасы алынды.