Бүгүн, 5-июнда Казакстандын Актөбө шаарынын 5-кичи районунда, филармониянын аймагында жана курал-жарак сатуучу "Паллада" дүкөнүндө атышуулар болуп жаткандыгы тууралуу "Тенгриньюс" басылмасы жазып чыкты. Басылма жазгандай, расмий эмес маалыматтар боюнча, кол салгандар "Пантера" дүкөнүн тоношкон.
"Паллада" курал-жарак саткан дүкөнүнө кол салуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Башка дүкөн менен Улуттук гвардиянын аскер бөлүмүнө кол салынганы тууралуу белгилүү болду. Атышуулардан "Паллада" дүкөнүнүн сатуучусу каза болуп, бирөөсү жаракат алды. Аскер бөлүгүндө 1 офицер жана 1 аскер кызматкери каза болуп, 9 аскер жаракат алды. Кол салгандардан үчөөсү өлтүрүлүп, бирөөсү жаракат алса, бир нечеси аскерлердин курчоосунда. Калгандары качып кетүүгө үлгүрүштү", - деген өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү "Тенгриньюс" басылмасына.
Ошондой эле "Тез жардам" кызматы атышуулардан жыйырмадан ашык адам жаракат алганын билдирген. Алардын арасында шаардын жөнөкөй күнөөсүз тургундары жана курал-жарак саткан дүкөндөрдүн сатуучулары бар.
"Жаракат алгандардын саны көп. Так маалымат айта албайм, бардык бригадалар бошобой жатышат. Жаракат алгандардын саны жыйырмадан ашат, каза болгондор тууралуу айта албайм", - деген "Тез жардам" кызматынын адиси.
Казакстан Ички иштер министрлигинин божомолунда, кол салгандар салттуу эмес радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Учурда полиция актөбөлүктөрдөн үйдөн чыкпай турууну суранууда.