Жалал-Абад. 7-апрель окуясына арналган илимий-практикалык конференция өтөт

4-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин демилгеси менен "Апрель революциясы - келечек үчүн сабак" аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференция Кыргызстан элинин ынтымагын бекемдөөнү максат кылат. Ага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайлардын студенттери катышат. Талкууда өлкөдө болуп өткөн революциялардан туура жыйынтык чыгаруу, жаштардын коомдогу орду, өлкөдө парламентаризмди калыптандырууга салым кошуу маселелери сөз болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан