“Мен шаардагы социалдык мекемелердеги азык-түлүктөрдүн сапатына жооп бербейм”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова маалымат жыйынында айтты. “Социалдык тамактандыруу системинде көптөгөн маселелер бар. Бирок азык-түлүктүн сапатына товар өндүрүүчүлөр жана Социалдык тамактандыруу департаменти жооп берет. Менин милдетим тамактандыруу ишинин өз учурунда аткарылышын камсыздоо”,- деди ал. Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзгөн учурда, борбор калаадагы бала бакчалардын ашканаларында санитардык нормалардын бузулуп жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондон улам шаардык кеңештин жыйынында Усубакунованын ээлеген кызматы тууралуу маселе көтөрүлгөн.