Бүгүн, 3-апрелде Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө жаңы эмкананын ачылыш аземи болду. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 75 медициналык кызматкер эмгектенген бул мекемени оңдоо үчүн 5,5 миллион сом каражат жумшалган. Вице-мэр Дастан Ходжаевдин айтымында, бул имарат 10 жылдан бери колдонулбай келген. 2012-жылы бул бош мекемени оорукана кылуу керектиги тууралуу токтом чыккан.