2-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ИИМди реформалоо Концепциясын талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү. “Ички иштер органдарын реформалоонун жыйынтыгында элдин милицияга болгон ишеними жогорулашы керек. Эгерде биз мындай ийгиликке жетишсек, реформанын негизги максатынын аткарылганы ушул”,- деди ал. ИИМдин Маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Гүлсара Алиева укук бузууларды алдын алуу үчүн калк менен ишенимдүү мамиле түзүү жана өз убагында жарандардын кайрылууларына, арыздарына көңүл буруу зарылдыгын айтты. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн тиешелүү нормативдик-укуктук, уюштуруучулук жана ресурстук камсыздоону түзүү керек экендигин белгиледи. Жыйындын катышуучулары алдыга койгон милдеттерди аткаруу үчүн керектелүүчү каражаттарды конкреттүү көрсөтүүнү сунуш кылышты. Жыйынтыгында, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, Концепциянын долбооруна акыркы оңдоолорду киргизип, аны өкмөттүн ушул жылдын май айында болуучу жыйынында кароо сунушу кабыл алынды.