Ак-Талаадагы сел каптоо коркунучу бар айылдардын тургундарын көчүрүүгө 1,2 миллион сом керек

Ак-Талаа районунун сел каптоо коркунучу бар Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарын көчүрүүгө 1,2 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ак-Чий айылынын айыл өкмөтү Жумабек Окоев билдирди. “Бул айылдардын авариялык абалда экендиги 90-жылдардан бери айтылып келет. 2007-жылы ӨКМ бул аймактарда "сел каптоо коркунучу бар" деген чечим чыгарган. Айылды көчүрүүгө жаңы жер тилкеси каралган, бирок 2007-жылдан бери генпланга каражат бөлүнбөйт. Каражат маселеси Каржы министрлигине жүктөлгөн, бирок акча ушу күнгө чейин бөлүнө элек”,-деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан