Жумгал районундагы жер көчкү түшкөн айылдарга электр жарыгы берилди

Жумгал районундагы жер көчкү түшкөн айылдарга электр жарыгы берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. 2-апрелде кырсык болгон аймакка Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов иш сапары менен барып, жергиликтүү калк менен жолугушуп, тез арада чечүүнү талап кылган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди жеринде кабыл алып кайткан. Эске сала кетсек, 30-мартта Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагынын 7 айылы электр жарыгысыз калышкан. Себеби 875 миң метр куб жер көчкү түшүп, электр чубалгыларын үзүп кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан