Бүгүн, 4-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкек шаарындагы Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндөгү турак жайларга, мэриянын имаратына, "Ош базар", “Берекет” ЖАК, Улуттук банк, №2-төрөт үйү, Батыш РЭС, Бишкек троллейбус башкармасы, Бишкек эт комбинаты, “Кондитердик комбинат” акционердик коомуна ичүүчү суунун берилиши чектелет. "Бишкексууканал" ишканасы кабарлагандай, суу берүүнүн чектелиши “Батыш-2” суу тосмосун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.