Ошто аялдар үчүн мечит курулууда

Ош шаарындагы борбордук “Имам-Аль-Бухари-Алай” мечитинин жанына атайын аялдар үчүн мечит курулууда. Аталган жай 100 адамга ылайыкталган. Маалыматка таянсак, мечиттин курулуш иштерине 2 миллион сом жумшалды, дагы 2 миллион сом талап кылынат.

Шаардык казы Убайдылла ажы Сарыбаевдин айтымында, бул демилге казыят тарабынан көтөрүлгөн. 

“Каражат жергиликтүү ишкерлерден жана казыяттан бөлүнүп жатат. Мечитке жума намазга аялдар жамаат менен келишпейт. Диний таалим-тарбия үчүн ар кайсы аймактан келген жолоочу аялдар үчүн мечит курууну туура көрдүк”,- дейт казы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан