"2012-жылы Кыргызстанда 1000ден ашык окуучу кыз аборт жасаткан". Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты. Анын айтымында, бул көрсөткүч каттоодон өткөндөрү гана. “Каттоодон өтпөгөнү канча экенин Кудай билет. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда динге байланышкан сабактар көп өткөрүлүүдө, андан көрө мектепке жыныстык жактан тарбиялоо сабактар киргизилсе жакшы болмок”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат Каракол шаары туристтик шаар экендигин, бирок учурда ал шаарда театрлар иштебей жаткандыгын, жолдору начар экендигин айтып, ушул маселелерди кароону өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнөн өтүндү.