Белгилүү болгондой, 3-апрелде Бишкекте өтүүчү “Мода жумалыгы-2013" аттуу кийимдер көргөзмөсү өтпөй калган. Буга аталган иш-чара өтүүчү Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директорунун иштен бошотулушу жана кызматтан түшкөн жетекчинин айрым өзүнө тийиштүү жабдыктарын театрдан көтөрүп кеткени себеп болгон. Бул маселе бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында көтөрүлдү. Депутат Роза Акназарова бул көйгөйдү чечип берүүнү өкмөттөн өтүндү. “Тигүүчүлөргө эмнеге мындай мамиле болот, аларды колдош керек. Бул мода жумалыгы бүгүн да өтпөй калуу коркунучунда. Ал эми кыргыз драма театры бошобой жатыптыр, филармониянын ижара акысы кымбат экен, бул иш-чараны өткөрүүгө жардам бериңиздер”,- деди Акназарова.