Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-апрелдеги жыйынына Бишкек шаарындагы айрым Жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары катышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков жыйындан соң окуучулар эл өкүлдөрү менен маек курушарын айтып, аларга ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, жаштарды ЖКга экскурсияга алып келүү, депутаттардын иши менен тааныштыруу демилгеси депутат Дастан Бекешевге таандык.