Бийлик менен оппозиция жолугушуу өткөрүүдө

"Азыркы бийлик оппозициянын үнүн укпай жатат" деген дооматтар куру сөзгө айланчудай. Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Бул жолугушууну акыйкатчы Турсунбек Акун демилгелеп, жыйын улуттук китепканадан орун алды. Анда биринчилерден болуп Турсунбек Акун сөз сүйлөп, жолугушуунун негизги максаты - элдин көйгөйүнө айланган социалдык мааниге ээ маселелерди талкуулоо экенин эскертти. 

Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев, Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ал эми оппозиция тараптан Мукар Чолпонбаев, Назарбек Нышанов жана башкалар катышууда. Ал эми дагы бир өкүл Азимбек Бекназаров эгер президент Алмазбек Атамбаев келбей турган болсо, жолугушууга катышпай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан