"Ош облусунун Алай районунда 273 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жашап жатышат". Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-апрелдеги Парламент жыйынында депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Депутаттын айтымында, булардын ичинен 189 бала мектеп окуучулары, 84ү мектеп жашына чейинкилер. “Арасында ата-энеси ажырашкандары, ата-энеси алыс жакта иштеп жүргөндөрү бар. Бул балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазып беришсе жакшы болмок”,- деп өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.