“Учурда Кара-Балта шаарына мунай иштетүүчү чоң завод курулуп жатат”,- деп билдирди Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 4-апрелде оппозиция жана бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда. Министрдин айтымында, кытайлар менен биргеликте куруп жаткан бул завод ишке кирсе, Кыргызстанга жылына 100-150 миллион доллардын тегерегинде салык түшөт. Ал эми ишканадагы жумушчулардын 90 пайызын кыргызстандыктар, 10 пайызын кытай жумушчулары түзө тургандыгы айтылды.