3-апрелде Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору Борис Воробьёв кызматтан бошотулган. Кызматтан түшкөн жетекчи театрдан артисттердин костюмдарын, жарык берүүчү жабдыктарды, жасалгалоочу каражаттарды жана башка керектүү буюмдарды өзү менен кошо ала кеткен. Бул фактыны учурда Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери текшерүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Воробьёв жабдыктардын кайсы бир инвесторго таандык экендигин айтып, чыгарып кеткен.