Ысык-Көл облусунун Түп районунда сууга чөккөн 12 жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү саат 17:00 чамасында 12 жашар бала достору менен Түп суусуна түшүп жатып чөгүп кеткен. Учурда каза болгон баланы издөөгө аталган министрликтин куткаруучулар бөлүмүнөн, милиция кызматкерлеринен жана жергиликтүү тургундардан болуп 145 адам тартылган.