Нарында МАИчилердин 30 пайызы аттестациядан өтпөй калышты

ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы кызматкерлеринин 30 пайызы аттестациядан өтпөй калышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде атайын түзүлгөн комиссия маалымат жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, сынактан өтпөй калган МАИчилер эми ОИИБинин башка бөлүмдөрүнө которулат. Ал эми бош кызмат орундар үчүн сынактын негизинде жаңы кызматкерлер кабыл алынат. Сынакка юридикалык жана инженердик билими бар жарандар катыша алышат. Аттестация 30-апрелге чейин уланып, 15-апрелден тарта башка облустарда да өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан